Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 22.05.2018 11:52 На русском

«Эрдик» медалынын ээсин өстүргөн Уруят апа — 9 баланын, 30 небере-чөбөрөнүн энеси (фото)

Turmush -  9 баланы өстүрүп, 20дан ашуун неберенин, 9 чөбөрөнүн энеси болгон Уруят Шералиева быйыл 76 жашта. Анын балдарынын ичинен бешинчи болуп төрөлгөн Салмоор Шералиев окууга ынтызар болуп, мектепти мыкты баалар менен аяктап, окуучу кезинен баштап эле милиция болом деген тилеги бар болгон. Учурда Салмоор Шералиев — милициянын подполковниги, «Эрдик» медалынын ээси, Ош ОИИБдин бөлүм башчысы жана эки баланын атасы.

Ал 1999-2004-жылдар арлыгында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясынын угуучусу болуп, андан бери ички иштер органдарында кызмат өтөп келет. Коомдук коопсуздукту сактоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө көрсөткөн тайманбас эрдиги үчүн мамлекет тарабынан «Эрдик» медалы менен сыйланган. Энелер күнүндө кызматынын оордугуна карабастан, башка бир туугандары менен катар өзү өскөн Өзгөн районунун Шералы айылына барып, апасын куттуктап келди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×