Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Ош облусуӨзгөн району 21.05.2018 09:46

Өзгөндө 3 автоунаа кагышып, 4 адам ооруканага жеткирилди

Turmush -  БишкекОш унаа жолунун 630-чакырымында 3 унаанын катышуусунда жол кырсык болуп, жабырлануучулар ооруканага жеткирилди. Ош ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдиргендей, окуя 18-май күнү саат 17:15 чамасында Өзгөн районунун Лесхоз айылында болгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча, «Хундай Портер» үлгүсүндөгү автоунаа башкаруусун жоготуп, жол боюнда токтоп турган «Дэу Матиз» жана «Тойота Ист» автоунааларын сүзүп токтогон. Анын кесепетинен автоунаалар материалдык чыгымга учурап, «Дэу Матиз» автоунаасындагы 4 жүргүнчү Ош облустук клиникалык ооруканасына жеткирилген.

Учурда бул факты боюнча Өзгөн РИИБ тарабынан тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×