Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Ош

Коммунист айылындагы сел 100дөн ашуун жөжөнү, өрдөктөрдү агызып кетти (фото)

Turmush -  Өзгөн районунун Мырза-Аке айыл өкмөтүнө караштуу Коммунист айылын каптаган селдин кесепетинен Нурбек Сулаймановдун короосундагы 100дөн ашуун жөжө сууга агып кетти. Бул тууралуу өзү аймактык кабарчыга билдирди.

«Мен 4 жылдан бери тоок багам. Мындан 1 ай мурун чыккан 84 жөжө бар эле. Ошондой эле короодо 2-3 күндөн кийин чыга турган жөжөлөр да бар болчу. Жумуртка басып жаткан тоокторду кошо суу агызып кетти. Жумуртка басып жаткан тоокторду кошунамдын сурап келдим эле. Мындан сырткары 50гө жакын өрдөк сууга акты. Алардын ичинен тирүү калгандары ар кайсы жактан келип жатышат.

Жалпысынан 9 сотых жерди да суу басып калды. Ал жерге сарымсак эккен элем», - деди Н.Сулайманов.

Айыл өкмөттүн башчысы Раимберди Курманкуловдун айтымында, айыл өкмөт боюнча жалпы 92 үйдүн короолорун суу баскан. Анын ичинен 10 үйдүн жер төлөсүнө суу кирди.

13-майда саат 23:30 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен каналдагы суу ашып, Коммунист тилкесиндеги 15 турак үйдүн короосун жана 1 турак үйдүн жер төлөсүн суу каптаган. ӨКМдин маалыматы боюнча, ошондой эле Тынчтык айылындагы 3 турак үйдүн короосун суу каптады. Адамдар жабыркаган жок.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1395
Көп окулду
×