Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Ош облусуӨзгөн району 16.05.2018 09:11 На русском

Бийлик өкүлдөрү Өзгөндөгү сел каптаган аймактарды кыдырышты (фото)

Turmush -  Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ӨКМ кызматкерлери кечээ, 15-майда Өзгөн районунда селдин кесепеттерин жоюу иштерин жеринен көрүштү. Алар жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жана ӨКМдин райондук бөлүмүнө сел ташкындарына каршы туруу чараларын көрүүнү тапшырды.

Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, бул багытта арык, каналдарды тазалоо, тиешелүү иш аракеттерди жүргүзүүгө жергиликтүү бийлик милдеттендирилди. Ошондой эле турак жайлары менен короосуна суу кирген жашоочулардан кабар алган жетекчилер азык-түлүктөн жардам болорун убадалашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×