Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 14.05.2018 11:09

Өзгөндөгү катуу жаандан кийин короосун суу каптаган үйлөр тазаланып жатат (фото)

Turmush -  Өзгөн районунун Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн Коммунист айылындагы жана Жазы дарыясынын жээгинде жайгашкан короосун суу каптаган 20дан ашык үйдө тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу айыл өкмөттүн башчысы Раимберди Курманкулов билдирди.

Анын айтымында, учурда 3 бригада түзүлүп, короолорун суу каптаган үйлөр текшерилүүдө.

«ӨКМдин Өзгөн районундагы бөлүмү менен биргеликте комиссия түзүп, ар бир үйдү текшерип жатабыз. Коммунист айылындагы 20дан ашуун үйдүн короосун суу каптаган. Мындан тышкары Жээнбеков көчөсүндөгү, Жазы дарыясынын жээгиндеги үйлөрдүн короосуна да суу кирген. Бирок үйдүн ичине суу киргендиги аныктала элек. Ошондой эле Опком айылындагы 2-3 үйдүн короосун суу каптаган», - деди Р. Курманкулов.

Учурда суу каптаган аймакка 4 техника тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Буга чейин ӨКМ билдиргендей, Өзгөн районунун Мырза-Аке айыл аймагында кечээ, 13-майда саат 23:30 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен каналдагы суу ашып, Коммунист тилкесиндеги 15 турак үйдүн короосун жана 1 турак үйдүн жер төлөсүн суу каптады.

ӨКМдин маалыматы боюнча, ошондой эле Тынчтык айылындагы 3 турак үйдүн короосун суу каптаган. Кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерине 1 жүктөгүч унаа, 3 куткаруучу тартылган.

Учурда Мырза-Аке айыл аймагынан тартылган 1 даана жүктөгүч унаа менен Кандава каналынын суусун Яссы дарыясына буруу иштери аткарылып жатат. Мындан тышкары жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×