Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Ош облусуӨзгөн району 14.05.2018 09:50

Өзгөндөгү катуу жаандан кийин 18 үйдүн короосун суу каптады

Turmush -  Өзгөн районунун Мырза-Аке айыл аймагында кечээ, 13-майда саат 23:30 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен каналдагы суу ашып, Коммунист тилкесиндеги 15 турак үйдүн короосун жана 1 турак үйдүн жер төлөсүн суу каптады.

ӨКМдин маалыматы боюнча, ошондой эле Тынчтык айылындагы 3 турак үйдүн короосун суу каптаган. Кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерине 1 жүктөгүч унаа, 3 куткаруучу тартылган.

Учурда Мырза-Аке айыл аймагынан тартылган 1 даана жүктөгүч унаа менен Кандава каналынын суусун Яссы дарыясына буруу иштери аткарылып жатат. Мындан тышкары жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×