Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Ош

Жол тандабастар менен сүзүшкөн «Жигулинин» ичинде журналисттер болгон: Алардын премьер-министрдин кортежине тиешеси жок, - ОИИБ

Turmush -  Өзгөн районунун аймагында кырсыкка учураган автоунаалар премьер-министрди коштогон кортежге тиешеси жок. Алар өз алдынча кортежге кошулуп жүргөн автоунаалар болгон, деп билдирди Ош ОИИБдин басма сөз кызматы.

Ведомствонун маалыматы боюнча, кортеж бара жаткан жолдо «Жигули» үлгүсүндөгү автоунаа бузулуп, четке чыга албай калган. Ошол убакта жол тандабас автоунаалардын бири «Жигулини» сүзүп токтоп, аны кайра артындагы автоунаа сүзгөн. «Жигулиде» «Өзгөн нуру» райондук гезиттин журналисттери бара жатканы маалым болду. Расмий маалымат боюнча, алар жаракат алган эмес.

Буга чейин премьер-министрдин кортежин коштогон 2 унаа Өзгөндө кырсыкка учураганы маалымдалган. Алар — «Тойота Лэнд Крузер 200» жана «Лексус LX570» унаалары.

Премьер-министр кечээ Жалал-Абад жана Ош облусуна иш сапары менен барып, Өзгөн районунун эли менен жолугушкан жана 8 айыл өкмөттү бириктирген Араван-Сай көпүрөсүнүн ачылышына катышкан болчу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1119
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×