Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 08.05.2018 10:28 Жаңыланды: 08.05.2018 21:08 На русском

Фото — Өзгөндө кырсыкка кабылып талкаланган унаалар премьер-министрдин кортежинде болгон эмес, - милиция

Turmush -  Кечээ, 7-майда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди коштоп жүргөн кортеждеги 2 унаа — «Тойота Лэнд Крузер 200» жана «Лексус LX570» унаалары кырсыкка учурады. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү кабарлашты.

Кырсыктан адам жабыркаган эмес. Окуя Өзгөн районунун аймагында болгону айтылууда.

Премьер-министр кечээ Жалал-Абад жана Ош облусуна иш сапары менен келген болчу.

Кырсык боюнча Ош ОИИБ эмне дейт?

Ал эми Ош ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Өзгөндөгү жол кырсыгына кабылган унаалар премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин кортежинин курамында болгон эмес.

Кырсык саат 12:00 чамасында Өзгөн районунун Төрт-Көл аймагында катталган. Окуя болгон жерге Өзгөн РИИБдин ыкчам-тергөө тобу чыгып, жол кырсыгына себепчи болгон «ВАЗ-2106» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу — Өзгөн районунун 1967-жылы туулган жашоочусу премьер-министрдин кортежин өткөрүп жиберип, андан кийин унааны айдап жолго чыккан учурда алдыңкы дөңгөлөктүн шайманы чыгып кеткенин айткан. Анын унаасы жолго туурасынан туруп калгандыктан, башка «Лексус-570» үлгүсүндөгү унаа келип уруп алгандыгын билдирген. Жол кырсыгынан эч ким жабыр тарткан эмес. Унаалар материалдык чыгымга дуушар болгон. Бул окуянын катышуучулары бири-бирине доосу жок экенин айтышып, арыз жазуудан баш тартышкан.

Бул факты боюнча учурда техникалык экспертиза дайындалып, тийиштүү материалдар топтолуп, текшерүү иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×