Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 04.05.2018 11:38

Кароол айыл өкмөтүндө калкты тейлөө кызматтары бир терезеде иш алып барууда

Turmush -  Өзгөн районунун Кароол айыл өкмөтүнүн кеңсесинде кечээ, 3-майда мамлекеттик, муниципалдык жана юридикалык жардам көрсөтүүчү бирдиктүү терезе ишке кирди.

Аймактык кабарчынын маалыматына караганда, ачылыш аземине мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Кеңседе атайын кызматтар үчүн бөлүнгөн бөлмөдө бардык тармактардын тиешелүү адистери иш алып барышууда. Муну менен жергиликтүү тургундарга документ иштерин толугу менен бир бөлмөдө бүтүрүүгө шарт түзүлдү.

Аталган айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Мырзабек Алмаматовдун айтымында, мындай бирдиктүү терезе жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатат. «Бул жерде жергиликтүү тургундар жер менчиги тууралуу ченемдик укуктук актылар боюнча акысыз маалымат ала алышат. Мындай мүмкүнчүлүк түзүлгөнү жергиликтүүлөрдүн көйгөйлөрүнүн тез арада чечилишине түрткү болот», - деди ал.

Иш-чаранын жыйынтыгында айылдын жаштары «Качан чыр-чатаксыз муниципалдык кызматтарды ала алабыз?» деген темада көчө театрын тартуулашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×