Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Ош облусуӨзгөн району 27.04.2018 11:40

38 жаштагы Данакан Абдыкеримова 3 эм төрөп, 6 баланын апасы болду (фото)

Turmush -  Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагындагы Алга айылынын тургуну Данакан Абдыкеримова 38 жашында 3 эм ымыркайды жарыкка алып келди. Учурда бактылуу ата-эне ымыркайларга ысым тандап жатышат.

Данакан Абдыкеримованын айтымында, 3 эмдүү болорун кош бойлуулуктун 1,5 айында билген.

«Менин буга чейин 3 уулум бар эле. Эми минтип 24-апрель күнү 2 уул, 1 кыздуу болдук. Өзүмдүн эң улуу эжем дагы эгиз балалуу болгон. УЗИден 1,5 айлык болгондо 3 эмдүү болорумду билгем. Азыр балдарымдын абалы жакшы. Эгиздер 2,700 кг, 2,600 кг жана 1,800 кг болуп төрөлүштү. Азыр уйкаш ысымдарды карап жатабыз», - деди Д.Абдыкеримова.

Ош облусунда 17-апрелде дагы 3 эм төрөлгөн. Алардын биринчиси 2,370 кг салмакта, экинчиси 2,045 кг салмакта болсо, үчүнчүсү 2,390 кг салмакта. Эне менен баланын абалы жакшы экенин айткан дарыгерлер аларды үйүнө узатышты.

Буга чейин 2 балалуу болгон Мафтунахон Исмаилова 24 жашта. Ал эми 5 баланын апасы болду.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×