Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 20.04.2018 09:49

Өзгөндүн Баш-Дөбө айылындагы суу каптоо коркунучу жаралган тилкеде жээктер бекемделүүдө

Turmush -  Өзгөн районунун Баш-Дөбө айылындагы суу каптоо коркунучу жаралган тилкеде жээктер бекемделип жатат.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл аймагында 11-апрелде нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Кара-Дарыя №1 тилкесинде Кара-Дарыя суусунун деңгээли көтөрүлүп, Бак тилкесинде 107 га үлүш жерди, Өзгөн Девзира кооперативинин 234 га жерин суу каптаган жана ошондой эле Жаңы-Жол тилкесиндеги болжол менен 18 турак үйлөрдү суу каптоо жана табигый жээкти жеп кетүү коркунучу жаралган.

Жээкти бекемдөө үчүн ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түштүк борборунан 2 бульдозер, 1 экскаватор, 2 самосвал тартылган. 19-апрель күнү тартылган күчтөрдүн жардамы менен 67 метр аралыктагы суунун жээги бекемделген (жалпы 497 метр). Жээк бекемдөө иштери улантылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×