Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Ош облусуӨзгөн району 19.04.2018 12:12 На русском

Өзгөндөгү жол кырсыктан 29 жаштагы жигит жабыркады

Turmush -  Өзгөн районунда жол-транспорт кырсыктын кесепетинен 29 жаштагы жигит жаракат алды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жол кырсык кечээ, 18-апрелде саат 08:00 чамасында болгон. Анын кесепетинен Кайрат айылынын 1989-жылы туулган тургуну А.М. оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Ал баш сөөгүнөн жаракат алып, баш мээси чайкалып, оң саны сынган. Жабырлануучунун абалы оор деп бааланууда.

Учурда жол кырсык фактысы боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×