Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 17.04.2018 21:23

Мырза-Аке айылындагы курулушу 6 жылга созулган бала бакча пайдаланууга берилди (фото)

Turmush -  Өзгөн районунун Мырза-Аке айылындагы 80 орундуу «Акмаанай» бала бакчасы пайдаланууга берилди. Имараттын курулушу 6 жылда бүткөнүн аталган бала бакчанын жетекчиси Гүлжан Кулбаева билдирди.

Анын айтымында, бала бакчаны курууга 5 млн сом жумшалган. «Таштанды төгүлүп турган жерди алып, бала бакча курдук. Бала бакчанын курулушу 6 жылга жылга созулду. Учурда 81 бала кабыл алынып, тарбияланууда», - деди ал.

Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Раимберди Курманкулов билдиргендей, айыл өкмөт боюнча жалпы 8 бала бакча бар. «Биздин айыл өкмөттө 7 бала бакча бар болчу. Жаңы ачылган бала бакча менен 8 болду. «Акмаанай» балдар бакчасы айылдын борборуна ачылды. Учурда 12 кызматкер эмгектенип, балдарды тарбиялап жатышат», - деди Р. Курманкулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×