Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Ош облусуӨзгөн району 13.04.2018 09:16

Өзгөндө Кара-Дарыя суусунун жээги бекемделип жатат

Turmush -  Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл өкмөтүндө Кара-Дарыя суусунун жээги бекемделип жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 11-апрель күнү нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен суу көтөрүлүп, жалпы 341 гектар жерди суу каптаган. Андан тышкары 18 үйдү суу каптоо жана жээкти жеп кетүү коркунучу жаралган. Жаралган коркунучу жоюу максатында атайын техникалар тартылып, 12-апрель күнү суунун 380 метр жээги бекемделди. Аталган иштер бүгүн да улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×