Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Ош

Фото — Кара-Дарыянын деңгээли көтөрүлүп, айдоо аянттарды суу каптай баштады

Turmush -  Ош облусунун Өзгөн районунда нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Кара-Дарыянын деңгээли көтөрүлүп, айдоо жерлерин суу каптап кетти. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Баш-Дөбө айыл аймагынын Кара-Дарыя №1 тилкесиндеги Кара-Дарыя суусунун деңгээли көтөрүлүп, Бак тилкесиндеги 107 га үлүш жерди, Өзгөн Девзара кооперативинин 246 га жерин суу каптап кеткен.

Учурда Жаңы-Жол тилкесиндеги болжол менен 50 турак үйлөрдү суу каптоо жана табигый жээкти жеп кетүү коркунучу жаралууда. Бул жерде азыркы тапта ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынын ыкчам тобу жана райондук Жарандык коргонуунун комиссиясы иш алып барууда.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1432
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×