Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Ош

Кызыл-Сеңир айылына 20 жылдыктар 130 миң сомдук белек ыйгарышты

Turmush -  Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Сеңир айылындагы мектептин 20 жыл мурунку бүтүрүүчүлөрү айылга белек тапшырышты. Алар айылдын аталышы жазылган стеланы 130 миң сомго орнотушкан.

Айыл өкмөт башчынын орун басары Руслан Талантбек уулунун айтымында, мындай саамалык айыл өкмөттө алгачкы жолу болуп жатат.

«Айылдагы Болот Жолдошев атындагы орто мектебинин 1998-жылкы бүтүрүүчүлөрү тарабынан айылдын кире беришине айылдын аты жазылды. Буга чейин айылда мындай жакшы жышаан болгон эмес, быйылкы 20 жылдыктар баштап беришти. Алар ыксыз чыгымга жол бербестен, биримдик менен элдин моралдык жана патриоттук демин көтөрүү үчүн мындан ары да ушундай иштерди колго ала турганын билдиришти», - деди Р.Таланбек уулу.

Кызыл-Сеңир айылы

Кызыл-Сеңир айылы (1)

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1724
Көп окулду
×