Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 06.04.2018 11:16

Бүгүн Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды

Turmush -  Бүгүн, 6-апрелде Өзгөн районунун Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы болуп 34 жаштагы Алтынбек Ташиев шайланды. Бул маалыматты аталган айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Элмира Маккамбаева билдирди.

А.Ташиев

Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы  Алтынбек Ташиев

Анын айтымында, айыл өкмөт башчылыкка 4 талапкер ат салышкан.

«Айыл өкмөт башчылыгына Алтынбек Ташиев, Мамырбек Сазанов, Бакыт Турдубаев, Нурмамат Аширов талапкерлигин коюшкан. Добуш берүүнүн жыйынтыгында Алтынбек Ташиев 18 добуш, Мамырбек Сазанов 1 добуш, Бакыт Турдубаев 12 добуш топтосо, Нурмамат Аширов добуш алган жок.

Шайлоого жергиликтүү кеңештин депутаттары толугу менен катышты», - деди Э.Маккамбаева.

Буга чейин жергиликтүү кеңештин депутаттары Белекбай Оморовго ишенбөөчүлүк көрсөтүп, айыл өкмөт башчылыктан бошотулган болчу. Ал кийинчерээк көз жумган. Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы кызматын убактылуу Мамырбек Сазанов аткарып жаткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×