Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Ош

Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн, маданият үйдүн имаратында окуп жаткан окуучулар жаңы мектептүү болушат (видео)

Turmush -  Өзгөндөгү Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн Курбу-Таш айылындагы К.Калмурзаев атындагы орто мектебинин жаңы имаратынын курулушу улантылып жатат. 150 орундуу мектепти жаңы окуу жылында пайдаланууга берүү пландалууда.

Учурда дубалы тургузулуп бүткөнүн мектептин директору Майрамкан Калдыбаева кабарчыга билдирди. Анын айтымында, мектептин эски имараты 2017-жылдагы жер көчкүнүн кесепетинен жарактан чыккан эле.

«Мектептин курулушу кызуу жүрүп жатат. Учурда мектеп менен спорт залдын дубалы тургузулду. Жаңы окуу жылына карата толугу менен бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет деп турабыз. Азыр окуучулар айыл өкмөттүн имаратында, маданият үйүндө окуп жатышат», - деди М.Калдыбаева.

Айылда жер көчкү жыла баштаганда мектептин курулуш материалдарын алып чыгышкан.

Эми жаңы мектепке жетүү үчүн окуучулар 1 чакырым жолду басышат. Жолдун алыстыгына карабай, жаңы мектепти коопсуз жерге куруу чечими кабыл алынган.

2017-жылдын 30-апрелинде Курбу-Таш айылы менен Маркс айылынын ортосунда жылып баштаган жер көчкү улам жылып отуруп, жалпы 45 турак жайды, ФАП, мечит, 35 электр мамысын, мектепти жана айылдагы көрүстөндү басып калган. Үйү көчкү алдында калган үй-бүлөлөр көчкүгө чейин ӨКМ тарабынан тигилген чатырларга жайгаштырылып, коопсуз аймактан жер тилкелер берилген болчу.

Үйлөрү жер көчкү алдында калган 126 үй-бүлө кийинчерээк жаңы үйлүү болушту.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1135
Көп окулду
×