Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 27.03.2018 09:40 Жаңыланды: 27.03.2018 10:39 На русском

15 жылдан бери ат үстүндө жүргөн Уланбек Таштанбековдун «Көлдүк» командасы кезектеги көк бөрүдө 90 миң сом утту (фото)

Turmush -  Өзгөн районундагы Көлдүк айылынын тургуну Уланбек Таштанбеков 15 жылдан бери ат үстүндө жүрөт. Ал көк бөрү, аламан улак, торпок улактарга катышат жана учурда « Көлдүк» командасынын капитаны.

Чапчаңдыкты, алгырлыкты талап кылган көк бөрү оюну анын хоббисине айланган. Ал жетектеген «Көлдүк» командасы 7 жылдан бери түштүк региондордо өткөн көк бөрүдө биринчиликти бербей келет. Быйыл Нооруз майрамына карата Жалал-Абад облусунда өткөрүлгөн көк бөрү оюнунда да жеңишке жетишип, 90 миң сомдук сертификатка ээ болушканын улакчы өзү аймактык кабарчыга билдирди.

«Мен орто мектепти аяктагандан кийин айылдагы агаларым менен улакка барып жүрүп, кызыгып кеттим. Улак тартыш — өзгөчө оюн. Атам да мыкты улакчы болгон. Улакчылык мага ата тегимден өткөн десем да болот. Оюн жакындаганда командабыз менен биргеликте жакшы даярдык көрөбүз. Мен 3 жыл « Достук» командасында ойноп жүрдүм. Андан кийин өзүмдүн айылымда түзүлгөн «Көлдүк» командасында ойной баштадым. Мен улакты жерден алып, тай казанга салам. Оюн учурунда жаракат алган учурлар көп болот. Жеңилип калган команданын оюнчулары ызырынып, камчы менен чаап жиберген учурлар да кездешет», - деди ал.

Улакчылар ар дайым машыгуунун үстүндө болушат. Ошондой эле алар үчүн тандаган аргымагы өзгөчө мааниге ээ.

«Менин күлүгүмдүн аты Байкашка. Жергиликтүү порода. Улакта канчалык кыйын, балбан билек болсоң дагы аттын ролу өтө чоң. Атың күчтүү болсо жеңишке жетише аласың. Мисалы, көк бөрү оюнуна шамдагай аттар талап кылынат, анткени алган улакты эч кимге жеткирбей тайказанга салуу керек. Ал эми аламан байгеде күчтүү аттар жакшы, жүздөгөн аттын ичинен улакты сууруп чыгат. Мен улакка чабылуучу атымды өзүм эле таптайм. Ат таптоодо атам көп кеңеш берип келет.

Командабыз менен жер-жерлерде өткөн улактарга катышып турабыз. Ушул жылы 21-март күнү Жалал-Абадда өткөн улакта команда менен жеңишке жетишип, 90 миң сомдук сертификатка ээ болдук», - деди Улан мырза.

Уланбек Таштанбеков 31 жашта, улактан сырткары мал чарбачылыгы менен алектенет. Ал 3 уул, 2 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×