Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Ош

Курбу-Таштагы айдоо аянтты жер көчкү басып калып, эл бош отурат, - жергиликтүү депутат

Turmush -  Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Курбу-Таш айылында жер көчкү коркунучуна байланыштуу 100 гектар айдоо аянты жараксыз болуп калган. Айылдык кеңештин депутаттары көчкү алып кеткен айдоо аянтын жокко чыгарып, башка жактан жер берүү боюнча Жогорку Кеңешке кат жолдогон эле.

Бирок жыл башында жолдонгон катка жооп болбой жатканын айылдык кеңештин депутаты Марат Суранов билдирди. Анын айтымында, жаз келгени менен айдоо аянты жок эл дыйканчылык менен алектене албай убара болууда.

«Биздин айыл өкмөттөгү Карл Маркс айылы менен Курбу-Таш айылындагы 100 гектарга жакын айдоо аянт жер көчкүдөн улам жараксыз болуп калган. Жергиликтүү тургундар жер салыгынан убактылуу бошотулган. Биз жер көчкү алдында калган жерди жокко чыгарып берүү үчүн Жогорку Кеңешке кат жолдогонбуз. Азыр дыйканчылык кызуу жүрүп жаткан убак, бирок 3 айдан бери катыбызга жооп келе элек. Бизге жергиликтүү тургундар тынбай келип жатышат.

Биздин тургундар дыйканчылык, мал чарбачылыгы менен тиричилик өткөрүп келишкен. Жердин жоктугунан азыр бош отурушат», - дейт М.Суранов.

2017-жылдын 30-апрелинде Курбу-Таш айылы менен Маркс айылынын ортосунда жылып баштаган жер көчкү улам жылып отуруп, жалпы 45 турак жайды, ФАП, мечит, 35 электр мамысын, мектепти жана айылдагы көрүстөндү басып калган. Үйү көчкү алдында калган үй-бүлөлөр көчкүгө чейин ӨКМ тарабынан тигилген чатырларга жайгаштырылып, коопсуз аймактан жер тилкелер берилген болчу.

Үйлөрү жер көчкү алдында калган 126 үй-бүлө кийинчерээк жаңы үйлүү болушту.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 896
Көп окулду
×