Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Ош

Зергерде кооптуу аймактагы 169 үй-бүлө мамлекеттен жер алып, бирок көчө элек

Turmush -  Өзгөн районунун Зергер айыл өкмөтүндөгү кооптуу аймакта жашаган 169 үй-бүлөгө мамлекет жер берип, чатыр тигип койгонуна карабастан көчүп чыкпай жатышат. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн башчысы Динмухаммед Бокошев билдирди.

Анын айтымында, учурда айыл өкмөт боюнча 905 үй-бүлө жер көчкү коркунучу бар аймакта жашайт.

«Айыл өкмөттө жалпы 2117 кожолук бар. Анын ичинен 905 үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт. Ал эми 169 үй-бүлөгө жер берилгенине карабай, үйлөрүн таштап кете албай жатышат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарымдуу өкүлчүлүгү тарабынан чатырлар тигилген. Бирок жергиликтүүлөр чатырларга да көчпөй жатышат. Ал эми 88 үй-бүлө өз каалоосу менен өздөрүнүн каражатына башка аймактардан үй сатып алып, көчүп кетишти. Өткөн жылы жер көчкүдөн улам жабыркаган 13 үй-бүлө да жаңы конушуна көчкөн», - деди Д.Бокошев.

2017-жылы жер көчкү коркунучу бар делген аймакта жашаган үй-бүлөлөргө Кароол, Жаман-Адыр тилкелеринен жер берилген. Быйылкы жылы табигый кырсыктарды алдын алуу боюнча Өзгөн районуна 130 чатыр тигилди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1004
Көп окулду
×