Бөлүмдөр
Жума, 20-апрель
Ош

Өзгөндө 9 чакырым алыстагы мектепке жөө каттаган окуучулар кичи автобустуу болушту

Turmush -  Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүндөгү Кызы-Сеңир айылында жайгашкан мектепке 9 чакырым жолду басып келген окуучулар бар. Алар үчүн транспорттун жоктугу чоң көйгөй болуп келген. Муну эске алган жергиликтүү бийлик окуучулар үчүн кичи автобус сатып алып, аларды акысыз ташып баштады.

Айыл өкмөт башчынын орун басары Руслан Талантбек уулунун айтымында, айылдын бюджетинен 290 миң сом бөлүнгөн.

«Тогузунчу жана Сеңир айылдарында мектеп жок. Ал айылдарда жашаган окуучулар Кызыл-Сеңир айылындагы П.Жолдошов атындагы орто мектебине 9 чакырым жолду жөө басып барып окушат. Балдар буга чейин ээн талаалардан басып өтүүгө аргасыз болушкан. Аларды учурда кичи автобус акысыз ташып жатат», - деди Р.Талантбек уулу.

Эки айылдан Кызыл-Сеңир айылына жалпы 68 окуучу каттап окуйт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 369
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×