Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Ош

Өзгөндө XI - XII кылымга таандык 3 күмбөздүн чатыры 4,5 млн сомго жаңыланат

Turmush -  Өзгөн шаарындагы XI - XII кылымдарга таандык күмбөздөрдүн чатырын жаңыртуу иштери башталды. Өзгөн археологиялык музей комплекстин директору Авазбек Турсунбаевдин айтымында, Ортоңку, Түндүк жана Түштүк күмбөздөрдө оңдоп-түзөө иштери 1974-1984-жылдан бери жүргүзүлгөн эмес.

«Биздин музейди жашылдандырып, көрктөндүрүүгө болбойт. Биз тарыхый эстеликтерди ошол бойдон сактоого аракет кылабыз. Буга байланыштуу тарыхый эстеликтердин айланасына дарак дагы, гүл дагы отургуза албайбыз. Акыркы жылдары туристтерге ыңгайлаштырып, күмбөздүн айланасындагы жолду гана оңдоодон өткөрдүк. Учурда чатыры алмаштырылып жатат. Көп жылдан бери күмбөздөрдүн чатырынан суу тамып, ичиндеги жасалгасы бузула баштаган эле. Бул жылы мамлекеттик бюджеттен 4,5 млн сом бөлүндү», - деди директор.

Аталган күмбөз «Сулайман-Тоо» тарыхый-археологиялык музей комплексинин карамагына кирет.

Музей комплекстин директорунун илимий иштер боюнча орун басары Хайрулла Убайдуллаевдин айтымында, Өзгөн тарыхый музей комплекси ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине кирүүгө кезекте турат.

«Атайын Япониядан археологдор келип, Өзгөндөгү тарыхый жайларды изилдеп, биздин жаш археологдорго да мастер-класстарды өтүп жатышат», - деп кошумчалады Х.Убайдуллаев.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 863
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×