Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 20.03.2018 14:57

Өзгөндөгү тарыхый эстеликтерди тааныткан фестиваль уюштурушту

Turmush -  Бүгүн, 20-мартта Өзгөн шаарында туризмди өнүктүрүү максатында уюштурулган Туризм фестивалы өтүп жатат. Ага Өзгөн шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Рахманжан Атаджанов, Өзгөн шаардык мэриясынын аппараты жана Ош, Бишкек шаарынан келген туристтик операторлор катышууда.

Туризм фестивалынын негизги максаты Өзгөн шаарындагы тарыхый эстеликтерди таанытуу жана туристтерге шарт түзүп берүү. Уюштуруучу Азамат Акелеевдин айтымында, Ош облусунан туризмди өнүктүрүү максатындагы иш-чараларды уюштуруу үчүн Өзгөн шаары жана Жаңы-Ноокат, Кайың-Талаа айылдары тандалган.

«Өзгөн шаарына сувенирлер дүкөнү жана коомдук ажаткана курулду. Ал эми башка айылдарга мейманкалар салынды. Бүгүнкү иш-чарага атайын туристтик операторлорду Бишкек, Ош шаарынан алып келдик. Алар туристтерге түзүлгөн шарттар менен таанышып, эс алуучуларга жарнамалашат», - деди А.Акелеев.

Туризм фестивалынын жүрүшүндө мектеп окуучулары 3 улуттун кыргыз, өзбек, уйгур улутунун бийлерин бийлешти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×