Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Ош

Эл ичи — өнөр кенчи: Өзгөндүк мушкер К.Садирдинов эр таймаш боюнча КРнын чемпионатына даярданууда (фото)

Turmush -  Өзгөн районунун караштуу Жалпак-Таш айылынын 21 жаштагы тургуну Кылычбек Садирдинов эрежесиз эр таймаш боюнча ийгиликтерди жаратууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, кичинекей кезинен бери эле спортко кызыгат.

«Башында айылда кыргыз күрөш менен машыкчумун. Кийинчерээк Ош шаарында студент болуп жүргөн учурда самбо менен машыгып калдым. Спортко келишиме бир тууган таякем Абдисалам жана атамдын агасы Нияз атам түрткү болду. Аларга ыраазымын. Учурда самбо, бокс, кикбокс менен машыгам.

2016-жылы ноябрь айында самбо боюнча өткөн Азия чемпионатына катышкам. Ошол эле жылы самбо боюнча дүйнөлүк чемпионатта байгелүү орунга ээ болгом. Спорт менен күн сайын машыгам. Эртең менен 11:00дон 12:30га чейин, кечинде 19:00дон 21:00го чейин машыгам. Азыр эр таймаш боюнча Кыргызстандын чемпионатына даярданып жатам. Спорттун эч бир түрүн жеңил деп айта албайм. Талыкпаган эмгек, аракетчилдик, шамдагайлык талап кылынат. Келечеке койгон максатым — бардык спортчулардай эле Кыргызстандын желегин бийик желбиретип, дүйнөгү таанытуу», - деди ал.

Спортчу жигит үй-бүлөдө 5 бир туугандын улуусу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1137
Көп окулду
×