Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Ош

Өзгөндүн 9 айылынын борбордук көчөлөрүнө түнкү чырактар орнотулду

Turmush -  Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөттүндөгү 9 айылдын борбордук көчөлөрүнө түнкү чырактар коюлду. Бул тууралуу айыл өкмөттүн башчысынын орун басары Руслан Талантбек уулу билдирди.

Анын айтымында, жалпы 228 чырак орнотулган.

«Биздин айыл өкмөттө жалпы 9 айыл бар. Ар бир айылдын борбордук көчөлөрүнө электр тогун үнөмдөөчү электр лампалары орнотулду. Ага жергиликтүү бюджеттен 866 миң 200 сом каражат бөлүнгөн», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 554
Көп окулду
×