Бөлүмдөр
Жума, 20-апрель
Ош

Өзгөндүн Кызыл-Сеңир айылындагы маданият үйү жараксыз абалга келип, ийримдер чайханада өтүп жатат

Turmush -  Өзгөн районунун Кызыл-Сеңир айылындагы маданият үйү 4 жыл мурун жараксыз деп табылып, маданият кызматкерлери ийримдерин айылдын чайханасында өтүп жатышат. Бул тууралуу айыл башчысы Мирбек Темиров билдирди.

«Биздин айылдагы маданият үйү жараксыз болгондуктан, апалардын кол өнөрчүлүк ийримдери чайханада өтүп жатат. Маданият үйүбүз 1942-жылы ашар жолу менен салынган. Имарат мындан 4 жыл мурун ӨКМ тарабынан жараксыз деп табылган. Маданият үйүн куруу боюнча буга чейинки маданият министрлигине кат жолдогонбуз», - деди Темиров.

Ал эми, Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Руслан Талантбек уулунун айтымында, учурда 200 орунга ылайыкташтырылган 15 млн сомдук маданият үйүнүн долбоору иштелип чыккан.

«Биз маданият үйүн куруу боюнча каржы министрине жыл сайын кат жолдойбуз. Долбоорлору даяр, планга киргизилсе эле маданият үйү курулат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 693
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×