Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Ош облусуӨзгөн району 28.02.2018 14:23 На русском

Өзгөндө мечиттеги бычакташуудан мурдагы имам жаракат алды

Turmush -  Өзгөн районундагы Красный Маяк айылындагы мечитте чыр чыгып, мурдагы имам бычактан жаракат алды. Бул маалыматты Ош ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктап, окуянын чоо-жайы иликтенип жатканын билдирди.

Милициянын маалыматына карганда, окуя кечээ, 27-февралда болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, аср намазы убагында мечитте пайдаланылган электр жарыгына акы төлөөгө жардам керектиги имам тарабынан айтылган. Тургундардын бири битир-садагадан чогулган каражат кайда жумшалганын сурап, мурдагы имам акчаны ээлеп алганы тууралуу маалымат эл арасында айтылып жатканын билдирген. Андан улам мурдагы имам менен 44 жаштагы жашоочу кайым айтышып, жаңжал бычакташууга чейин жетти. Анын кесепетинен мурунку имамдын колу тилинген.

Учурда бул иш боюнча кылмыш иш козголуп, быкчак шилтеген жаран кармалды. Ал мурда да сот жоопкерчилигине тартылганы маалым болду. Ал эми жабырлануучу керектүү медициналык жардам алып, ооруканага жаткан жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×