Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Ош

Айыл турмушу: Өзгөндүк Гүлина 8-март майрамына карата апасына салфеткадан 101 роза жасады (фото)

Turmush -  Ош облусунун Өзгөн районунун 19 жаштагы тургуну Гүлина Бекмурат кызы хоббиси аркылуу кошумча киреше табууда. Аймактык кабарчы анын эмгектери менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Жалал-Абад мамлекеттик университетинин педагогика факультетинде 1-курста окуйт. Сабактан сырткаркы убактысында түстүү салфетка менен оригиналдуу букеттерди жасайт.

«Сабактан сырткаркы убактымды туура пайдалануу максатында жатаканада букет жасайм. Бул өнөрдү үйрөнгөнүмө 3-4 жылдай болуп калды. Мектепте окуп жүргөндө кол эмгек сабагын окуткан эжейибиз ушундай букеттерди жасоону үйрөткөн. Гүл жасоо өтө оор, анткени өтө эле майда иш, көпчүлүктүн дарамети жете бербейт. Чогуу окуган курсташтарым көп кызыгышат, бирок татаал болгону үчүн бат тажашат. Жасаган буюмдарымды сатыкка коюп көргөн эмесмин, жөн гана жакын адамдарга белекке берип, жылмаюу тартуулайм», - дейт студент.

Мындан сырткары, Гүлина жүз аарчыларды сайма менен сайып, ширеңкеден да өзгөчө буюмдарды жасап жатат.

«Студенттик күндөрдүн бош убактысында жатаканада отуруп алып сайма сайып, жүз аарчыларды тигем. Курбу кыздарымдын көпчүлүгү мага таң кала беришет, айрым жасаган эмгектеримди аларга белекке берем. Мындан сырткары ширеңкенин чийлерин клей менен бириктирип, үйлөрдүн макеттерин жана ар кандай буюмдардын элесин түшүрүп жасайм. Кызыгы жасаган эмгектеримдин бирин да өзүмө алып калбай, жакындарыма белекке берем. Учурда 8-март майрамы жакындап калгандыгына байланыштуу апама 101 роза гүлүн жасап, ал гүлдөрдү салуу үчүн ширеңкенин чийинен карапа жасап жатам. Орто эсеп менен апама жасап жаткан гүлүмө 350 сомдон ашык каражат кетти. Азыр гүл базарга барып, жакшынакай букеттин баасын сурасаң асманды чапчыйт. Андан көрө колдо жасалган кооз, оригиналдуу букетти белекке берүүнү туура көрөм», - деди Г.Бекмурат кызы.

Гүлина келечекте мугалим болууну каалайт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1046
Көп окулду
×