Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Ош облусуӨзгөн району 19.02.2018 11:00

Өзгөндө кышкы спартакиада аяктап, мыкты окуучулар аныкталды (фото)

Turmush -  Өзгөн районунда жогорку класстагы окуучулар ортосунда райондук кышкы спартакиада өткөрүлдү. Ош облустук балдардын чыгармачылык борборунун эстетика бөлүмүнүн башчысы Дилярам Нуралиеванын айтымында, кышкы спартакиаданын баштапкы баскычтары мектептер арасында, андан кийин зоналык тур өткөн. Андан тандалган 3 команда райондук турда күч сынашты.

«Кышкы спартакиаданын башкы максаты — мектептеги окуучуларды өз алдынча болууга, адепке, ынтымакка, чыдамдуулукка, Ата Мекенди сүйүүгө, демилгелүү жана чечкиндүүлүккө тарбиялоо жана ар тараптан лидер окуучуларды эл алдына чыгаруу.

Мелдеште 3 команда аркан тартыш, кап менен секирүү, түрдүү тоскоолдуктардан өтүү сыяктуу баскычтардан өтүштү. Жыйынтыгында эң шамдагай команда жеңишке жетишти. Спартакиаданын жеңүүчүлөрүнө кубок, медалдар тапшырылды», - деди ал.

Райондон чыккан командалар эми облустук турга катышат. Облустук турдун жеңүүчүлөрү Талас облусунда өтүүчү достук мелдешке катышып келишет.

Кышкы спартакиаданы Өзгөн райондук балдардын чыгармачылык борборунун директору Алмаз Эшназаров уюштурган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×