
Turmush - Ош облусундагы Өзгөн районунда болгон жол кырсыктын кесепетинен жергиликтүү тургун оор абалда ооруканага жеткирилди. Болжолдуу маалыматтар боюнча, кырсык бүгүн, 13-февралда таңга маал Кызыл-Тоо айылынын аймагында болгон.
Жабырлануучу — 1977-жылы туулган А.З. саат 05:00 чамасында оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөнү маалым болду. Дарыгерлер анын башы, баш мээси катуу жабыркаганын (мээ комасы) айтышкан.
Учурда окуяга байланыштуу тактоо иштери жүрүп жатат.