Turmush - Өзгөн шаарындагы мектеп окуучуларынын катышуусунда суу фестивалы өткөрүлдү. Иш-чараны уюштурган «Өзгөн таза суу» ишканасынын инженери Абдурахим Карабаевдин айтымында, окуучулар элге таза суу жеткирүү процесси менен толук таанышты.
Фестивалга Өзгөн районунун акиминин орун басары Бактыбек Алайчиев, Өзгөн шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Рахманжан Атажанов, таза суу департаментинин Оштогу жетекчиси С.Момунов катышкан.
«Фестивалга жалпысынан шаардагы 8 мектептин окуучулары катышты. Алар сууну таза сактоо, үнөмдүү пайдалануу боюнча өздөрүнүн сунуштары камтылган эмгектерин тааныштырышты. Андан соң таза суу ишканасына саякатка барышты», - деди А.Карабаев.