Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Ош облусуӨзгөн району 05.02.2018 12:17

Өзгөн РИИБдин 9 жыл мурун курулуп баштаган спорт комплекси ишке берилди (фото)

Turmush -  Өзгөн РИИБдеги кызматкерлердин физикалык даярдыгын камсыздоочу спорт комплекс пайдаланууга берилди. Анын ачылышы 2-февралда салтанаттуу түрдө уюштурулган.

Спорт комплекс жылуулук менен камсыз болду жана анда машыккан кызматкерлер үчүн чечинүүчү, ысык суу менен камсыздалган жуунучу бөлмөлөр да бар. Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, комплекстин курулушу 2009-жылы башталып, сметалык баасы 12 млн 769 миң сомду түзгөн. Анын ичинен 550 миң сомдук каражат жергиликтүү эл тарабынан марафон аркылуу топтолсо, калган каражат мамлекет тарабынан каржыланды.

Ачылышка ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов да катышкан.

«Президентибиз тарабынан 2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланды. Өз учурунда Ички иштер министрлиги да айылдык, райондук, шаардык бөлүмдөрдө өздүк курамдын иштөөсүнө ар тараптан шарттарды түзүп берүүдө. Аны менен кылмыштуулуктун алдын алууда жана аны менен күрөшүүдө, жарандардын арыз-даттанууларын өз учурунда чечүүдө жакшы жетишкендиктер болуп, элибиздин милицияга болгон ишенимин арттырат деген ишеничтемин», - деди Курсан Асанов.

Ачылыштын алкагында Өзгөн районунун акими О.Осмоналиев К.Асановго «Өзгөн шаарынын ардактуу атуулу» наамын тастыктаган төш белги менен күбөлүктү тапшырды.

Салтанаттуу аземге Өзгөн районунун тургундары, мекеме-ишканалардын өкүлдөрү, милициянын полковниги Мурат Боонов, Кылыч Жолдошов, Малик Нурдинов жетектеген Ош облустук жана шаардык ички иштер башкармалыктарынын, ИИМдин башкармалыгынын жетекчилери катышып, спорттук комплекске керектүү шаймандарды белек кылышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×