Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-февраль
Ош

Өзгөндөгү жол кырсыктан 4 адам жаракат алды (тизме)

Turmush -  Бүгүн, 4-февралда саат 08:00 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 612-чакырымында унаа кырсык болуп, 4 адам жаракат алды. Turmush басылмасына маалым болгондой, окуя Оштогу Өзгөн районунун Мырза-Арык айылынын аймагында болгон.

Райондук ооруканага жеткирилген жабырлануучулар ар кандай деңгээлде, көпчүлүгү башынан, баш мээсинен жаракат алган.

Жабырлануучулар:

- 1966-жылы туулган Ж.А., Ноокаттагы Жаңы-Базар айылынын тургуну;

- 1960-жылы туулган Д.З., Ноокаттагы Жаңы-Базар айылынын тургуну;

- 1980-жылы туулган М.А., Өзгөндөгү Куршаб айылынын тургуну;

- 1980-жылы туулган Д.З., Өзгөндөгү Куршаб айылынын тургуну (учурда комада);

Дарыгерлер жабыркагандарга керектүү жардам көрсөтүп жатышат. Кырсыкты тактоо, чоо-жайын аныктоо иштери улантылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 778
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×