Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Ош облусуӨзгөн району 30.01.2018 17:13

Жер көчкү алдында калган айыл: Ынтымак айылында 92 млн сомдук мектеп курулуп жатат (фото)

Turmush -  Кечээ, 29-январда вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев Ош облусуна болгон жумушчу сапары учурунда Өзгөн районундагы жер көчкүдөн жабыркагандар жайгаштырылган Ынтымак жана Ана-Кызыл айылдарынан кабар алды. Ал мектептердин иши солгундап жатканын айтып, мектепти куруп жаткан курулуш компанияларга тапшырмалар берилгенине токтолду.

«Ынтымак, Ана-Кызыл айылындагы эл менен жолугуп, бир катар социалдык объекттер менен тааныштым. Айрым социалдык объекттер 2017-жылдын 25-декабрь айына бүткөрүлүшү керек эле. Долбоорлор, жер маселелери кеч чечилип, убагында бүтпөй калыптыр. Ал эми Ана-Кызыл айылындагы мектептин 30 пайызы гана бүткөрүлүптүр. Иш солгун жүрүп жаткан экен. Биз курулуш компаниясына тиешелүү тапшырмаларды бердик. Эки мектеп тең сентябрь айына толугу менен бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет.

Зергер айылындагы М.Жолдошалиев мектеби менен да тааныштым. Мектепте кичине көйгөйлөр жаралган экен. Ал мектепке да тапшырмалар берилген», - деди Д.Кенекеев.

Ынтымак айылында курулуп жаткан мектептин имараты 275 орунга ылайыкталган. Учурда анын чатыры жабылып, курулуштун 50%ы аяктады. Анын жалпы сметалык баасы 92 млн сомду түзөт.

Учурда бул айылда жер көчкүдөн улам Курбу-Таш айылынан көчкөн 61 үй-бүлөнүн ичинен 52 түтүн жашап жатышат. Айыл тургундарынын айтымында, таза суу, электр энергияга байланыштуу көйгөй жок. Ал эми, ипотекага берилген 300 миң сомду түшүм жыйналган күз айларынан баштап төлөөнү суранышты.

Өзгөндүктөрдүн кубанычы: Үйлөрү көчкү алдында калган 126 үй-бүлө турак жайлуу болушту

Курбу-Таш айылындагы үйү жер көчкү алдында калып, Ынтымак айылына көчүп келген 126 үй-бүлө жаңы үйлүү болушкан.

Райондун айылдарындагы жер көчкүлөрдөн жабыркаган үй-бүлөлөр үчүн Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнөн жалпы 82 гектар жер бөлүнгөн эле. Ошондой эле, 2018-жылы 2 бала бакча, 2 ФАП куруу пландалган болчу.

Жер көчкүнүн кесепеттери:

2017-жылдын 30-апрелинде Курбу-Таш айылы менен Маркс айылынын ортосунда жылып баштаган жер көчкү улам жылып отуруп, жалпы 45 турак жайды, ФАП, мечит, 35 электр мамысын, мектепти жана айылдагы көрүстөндү басып калган. Үйү көчкү алдында калган жашоочулар көчкүгө чейин ӨКМ тарабынан тигилген чатырларга жайгаштырылып, коопсуз аймактан жер тилкелер берилген болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×