Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-февраль
Ош

Айыл турмушу: Өзгөндүк уста 4 унаанын тетиктеринен өзгөчө трактор жасады (фото)

Turmush -  Өзгөн районунун Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Жар айылынын тургуну Семетей Хайнишовду айылдаштары уста катары жакшы таанышат. Ал быйыл 4 унаанын тетиктерин колдонуп, жер айдоо үчүн өзгөчө трактор жасап чыкты. Бул тууралуу ал өзү аймактык кабарчы менен болгон маегинде билдирди.

28 жылдан бери устачылык өнөрдү кесипке айландырган 67 жаштагы Семетей мырза эми айылдыктардын жумушун жеңилдетүүнү колго ала баштаган.

«Мен жаш кезимде фотосүрөтчү болуп көп эмгектендим. Кара жумуштарда дагы иштеп жүрдүм. Иштебеген ишим деле калбады. Питерге да барып, көп жыл бою сүрөтчү болуп эмгектендим. Ошол жакта жүргөн мезгилде устачылыкты үйрөнүп келдим. Союз таркагандан бери өзүмдүн туулган айылымда устачылык кылам. Учурда айыл өкмөт тарабынан мага бир гараж берилген. Ошол жерде темирлерди ширетем. Айылдагылардын ар кандай кандай иштерин жасап берем.

Буга чейин шалы кургатуучу, жүн тытуучу станокторду, кой кыркуучу жабдууларды жасагам. Аны айылдаштарым пайдаланып турушат», - деди уста.

Ал уулу Кубанычбек менен күйүүчү майды аз короткон тракторду жасап, сыноо алдында турат.

«Бул тракторду жасоого 4 ай убакыт кетти. Жер айдоого ыңгайлаштырып жасалган. Буга чейин каражаттын жоктугунан жасабай жүрдүм эле. Эми оюмдагыдай тракторду кураштырып чыктым. Жалпы 4 техниканын тетиктери колдонулду. Мунун өзгөчөлүгү жерди терең айдаганында. Биз азыр муну пайлана элекпиз. Бир гектар жерди бир саатта айдап бүтөт деп болжолдоп жатабыз. Менин оң колум — чоң уулум Кубаныч. Ал менин жолум жолдоп, устачылык кылат», - деди С.Хайнишов.

Семетей мырза эки уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 828
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×