Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-февраль
Ош

Шамалды-Теректеги маданият үйү урап түшүп, курулуш каражаттары сатылып кеткен

Turmush -  Өзгөн районунун Көлдүк айыл өкмөтүндөгү Шамалды-Терек айылындагы эски маданият үйдүн имараты урап калган. Андагы жарактуу курулуш каражаттары аукцион аркылуу сатылып кеткени ачыкка чыкты.

Учурда маданият үйдүн жаңы имаратын курууга каражат жок, деп билдирди айыл өкмөттүн башчысы Советбек Караев. Айылдагы иш-чаралар Р.Коңкошов атындагы мектептин спорттук аянтчасында өткөрүлүп жатат.

«Эски маданият үйү 2013-жылы урап түшкөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин да жараксыз деген корутундусу бар эле. Ал эми курулуш каражаттары аукционго коюлуп сатылган. Учурда жери бош турат. Биз маданият үйүн куруу суранычы менен Маданият, маалымат жана туризм министрлигине кат жолдогонбуз. Жогорку Кеңештин депутаттары деле көрүп кетишкен. Азыр айылдагы иш-чаралар, жыйындар Р.Коңкошов мектебинин спорттук аянтчасында уюштурулат. Р.Коңкошов мектеби да кулап калуу коркунучунда турган мектеп. Учурда биздин башкы максатыбыз — жаңы мектептүү болуу», - деди ал.

Көлдүк айыл өкмөтүнүн курамына Чалк-Өйдө жана Шамалды-Терек айылдары кирет. Чалк-Өйдө айылында мектеп, спорт зал бар.

Айыл өкмөттө жалпы 5 миң адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 625
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×