Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Ош облусуӨзгөн району 24.01.2018 12:15

Өзгөндө суу толуп турган жер төлө спорт залга айланды

Turmush -  Өзгөн районунун Жазы айыл өкмөтүндөгү Жээренче айылында жайгашкан (мурунку Ленин жолу айылы) Ж.Мойдунов атындагы орто мектептин жер төлөсү спорттук залга айланды. Айыл өкмөттүн башчысы Максат Ибраимовдун айтымында, жер төлөдөгү спорт зал 22-январь күнү пайдаланууга берилген.

«Мектептин жер төлөсүндө суу толуп турчу. Аны айылдагы жаштар өздөрү тазалап, өткөн жылы спорт зал ачуу үчүн марафон дагы уюштурушкан. Марафондон түшкөн каражатка керектүү буюмдарды алып, машыга башташкан эле. Бирок ным боло бергендиктен машыгуу токтогон.

Быйыл айыл жаштары спорт залды калыбына келтирүү үчүн долбоор жазып, 75 миң сом утуп алышты. Ошонун эсебинен спорт залга жылытуу системасы орнотулуп, жуунучу бөлмө да курулду. Азыр балдар машыгуудан кийин жуунуп кетүүгө толугу менен шарттар каралган. Бул жерде күрөш залы, машыгуу залы бар. Балдарды атайын машыктыруучу карайт», - деди М.Ибраимов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×