Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Ош

Бир жылдан бери дайынсыз болуп жаткан 22 жаштагы Нурбек табылды

Turmush -  Москва шаарына кеткен бойдон 1 жылдан бери дайынсыз болуп жаткан Өзгөн районунун 22 жаштагы тургуну Нурбек Маматов табылды. Бул тууралуу анын апасы Хамида Жанжигитова билдирди.

Анын айтымында, баласы телефон аркылуу байланышып, алдамчылардын колуна түшүп калганын билдирген.

«Нурбек телефон аркылуу байланышып, аман-соо экенин билдирди. Ал алдамчылардын колуна түшүп калып, телефону жок байланышпай жүрүптүр. Ал жакында алдамчылардан кутулуп чыкканын айтты. Учурда байкелери менен Москвада чогуу жашап жатат», - деди Х.Жанжигитова.

Н.Маматов 1996-жылы 12-майда Өзгөн районунун Кызыл-Тоо айылында туулган. 4 бир туугандын эң улуусу.

Нурбек Маматов

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3339
Көп окулду
×