Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Ош облусуӨзгөн району 23.01.2018 11:12 На русском

Фото - Өзгөндөгү короодон 2 баш уй уурдап бара жаткан жаш жигиттер кармалды

Turmush -  Ош шаарында короодон мал уурдап бара жаткан жеринен 3 жаш жигит кармалды. Ош ШИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ууруларды кармоо операциясы 18-январга караган түнү саат 02:00 чамасында ишке ашты.

Маалыматта айтылгандай, Ош шаарынын 1998-жылы туулган тургуну А.А., Ѳзгѳн районунун 1998-жылы туулган тургуну Ш.Б., Сузак районунун 1994-жылы туулган тургуну Ш.Б. Ѳзгѳн районунун Жазы айылына «Хендай Портер» үлгүсүндѳгү жүк ташуучу унааны жалдап барышып, айылдагы короолордун бирине киришкен. Алар эки баш уйду уурдап чыгып, унаага жүктѳгөндөн кийин Ош шаарына карай багыт алышкан. Ал эми жүк ташуучу унаанын айдоочусун алдап, ѳзүнүн малын базарга сатуу үчүн алып бара жатканын айтышкан.

Ага чейинки текшерүү жана тактоо иштеринин негизинде Ош ШИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери ууруларды мал базарга жеткирбей колго түшүрдү. Уурдалган уйлар ээсине өткөрүлүп, шектүүлөр камакка алынган. 20-январда Ош шаардык соту кылмыштуу топко 18-мартка чейин баш коргоо чарасын карап, абакта калтыруу чечимин чыгарганы маалым болду. Учурда тергөө иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×