Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ош облусуӨзгөн району 18.01.2018 13:15 На русском

Красный Маяк айылындагы мал базарга алармандар менен сатуучулар батпай калышты, - жергиликтүүлөр

Turmush -  Өзгөндүн Красный Маяк айылындагы мал базарда тыгын жаралып, сатуучулар менен алармандарга бир катар ыңгайсыздыктар жаралып жатат. Бул көйгөйдү жергиликтүү тургундар айтып чыгышты.

Маалым болгондой, мал базарга чыгарылган мал-жандыктар тыгын учурунда өтө албай же жыгылып да калышат. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, мал базардын ичине «Хендай Портер» унаалары толуп, жердин көбүн ошолор ээлеп алган.

Ал эми, мал базардын жетекчиси Сүйөрбек Кенжекуловдун айтымында, базарда шарттар толугу менен түзүлгөн.

«Биздин мал базар башка базарларга салыштырмалуу жакшы. Жерге асфальт төшөлгөн, суусу бар. Таштандылар убагында чыгарылып турат жана баткак болбойт. Башка мал базарларга барсаң тизеге чейин баткак болосуң. Бизде толугу менен шарттар каралган», - деди С.Кенжекулов.

Аталган айылда ар дүйшөмбү күнү мал базар уюштурулат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×