Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ош облусуӨзгөн району 15.01.2018 20:32

Шоро-Башат айылында 1,5 чакырым жол жарыктандырылды

Turmush -  Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Шоро-Башат айылындагы 1,5 чакырым жолго түнкүсүн жарык берүүчү жабдуулар орнотулду. Бул тууралуу айылдын башчысы Кочкорбай Токоев билдирди.

Анын айтымында, айылдагы Мамат Анарбаев көчөсү толугу менен жарыктандырылган.

«Быйыл бул көчөнү жарыктандырууга 713 миң 666 сом керектелди. Анын 84 миң сому айыл өкмөттүн бюджетинен бөлүнүп, 70 миң сому элдин салымы болду. Калган каражат БУУнун өнүктүрүү программасы тарабынан каржыланган», - деди К.Токоев.

Шоро-Башат айылында жалпы 5 көчө бар. Анын ичинен 3 көчө толугу менен жарыктандырылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×