Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ош облусуӨзгөн району 10.01.2018 14:35

Өзгөндүктөр 10 күндүн ичинде 5 чөө атышты

Turmush -  Өзгөн районунда жыл башынан бери 5 чөө атылды. Бул тууралуу жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин Өзгөн району боюнча инспектору Рустам Абдыкеримов билдирди.

Анын айтымында, 10 күн бою райондогу Ак-Жар, Кызыл-Тоо айыл өкмөттөрүндөгү мергенчилер зыян жаратып жаткан чөөлөргө ууга чыгышкан.

«Азырынча малдарга кол салган чөөлөрдү гана атып жатабыз. Тоого жакын айылдарда карышкыр көбөйүп жатат деген маалыматтар түшүүдө. Кара-Шоро мамлекеттик жаратылыш паркы тарапта карышкыр көп болууда. Эми карышкыр атууга чыгабыз», - деди Р.Абдыкеримов.

Учурда чөө аткан мергенчилер терини мергенчилик инспекциясына тапшырса 2 миң сом, ал эми карышкырдын терисин тапшырса 6 миң сом сыйлык алып жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×