Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Ош

Үч-Алыш айылындагы чириген электр мамычалар кулайын деп калды (фото)

Turmush -  Өзгөн районунун Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Үч-Алыш айылындагы жыгачтан жасалган электр мамычалардын эскилиги жетип, кооптуу абал жаралып жатат. Айылда СССР убагында орнотулган жыгач мамычалардын түбү чирип калган. Жашоочулар электр мамычалар кулап калбашы үчүн зым байлап, бекемдеп алышкан.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, ноябрь айында 16 даана электр мамычасы жергиликтүү бийлик тарабынан алынып келген. Андан аз убакыт өтпөй ал мамычаларды белгисиз тарапка кайра жүктөп кетишкен.

Ал эми, Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Эркин Султанов 16 мамыча Үч-Алыш айылы менен Чыныбай айылынын аралыгындагы чириген электр мамычалардын ордуна орнотулганын, түнкү жарыктандыруу иштери да жүрүп жатканын айтты. Үч-Алыш айылындагы электр мамычалар кезек менен алмаштырыла турганын кошумчалады.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1933
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×