Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Ош

Көчөбүзгө татыксыз адамдын ысымы берилди, - Мырза-Аке айылынын тургундары (видео)

Turmush -  Өзгөн районунун Мырза-Аке айылынын тургундары маалымат жыйын курушуп, алар жашаган көчөгө татыксыз адамдын ысымы берилгенин айтып чыгышты. Алар көчөнүн аталышы Нооруз болсун деген талаптарын айтууда.

Маалым болгондой, бул маселе боюнча учурда соттошуу уланып жатат.

«2014-жылдын декабрь айында Мырза-Аке айылдык кеңешинин депутаттары эл менен макулдашпастан Нооруз көчөсүнө татыксыз адамдын ысымын берип, токтом чыгарып коюшуптур. Ал адам ажыга барганы менен татыксыз, бизге үлгү эмес. Биздин көчөнүн аты булганышын каалабайбыз деп 2015-жылдан бери соттошуп келебиз. Жогорку сотко чейин жетип, иш кайрадан райондор аралык сотто каралды. Башында биздин пайдабызга чечилип жаткан. Акыркы райондор аралык сотто алардын пайдасына чечип койду. Биз кайрадан облустук сотко кайрылабыз.

пр конф4

Максатыбыз — көчөбүздүн аты Нооруз бойдон калсын. Балдарыбыз татыксыз адамдын аты коюлган көчөдө жашап калабы? Согуштун ардагери же эмгеги сиңген адам болгондо каршы чыкпайт элек», - деди жашоочулардын бири Абдыманап Токоев.

Тургундар Мырза-Аке айылдык кеңешинин 2014-жылдагы №106 токтомун жокко чыгарып берүү талабы менен сотко кайрылышкан. Азырынча көчөгө ысымы ыйгарылган тургундун жакындары менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1912
Көп окулду
×