Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ош облусуӨзгөн району 20.11.2017 08:31

Өзгөндүн Доңуз-Тоо айылында алгачкы жолу таза суу чыгарылды

Turmush -  Өзгөн районунун Кызыл-Тоо айыл өкмөтүндөгү Доңуз-Тоо айылында алгачкы жолу таза суу чыгарылды. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн адиси Токтоназар Темиралиев билдирди.

Анын айтымында, таза суу чыгарууга 1 млн сом сарпталган.

«Бул айылда мурун таза суу чыккан эмес. Быйыл биринчи жолу чыгарылды. Жалпы 3 км 200 метр жерге суу түтүктөр орнотулуп, жергиликтүү тургундардын үйүнө чейин жетти. Ал иштерге «АС Софа» курулуш бирикмеси тарабынан 600 миң сом берилип, жергиликтүү тургундардын салымы 400 миң сом болду. Жалпы 1 млн сом сарпталды», - деди Т.Темиралиев.

Кызыл-Тоо айыл өкмөтүндө жалпы 5 айыл бар — Кызыл-Тоо, Кашка-Терек, Эркин-Тоо, Ак-Кыя жана Доңуз-Тоо. Учурда Эркин-Тоо айылынын эли таза суу менен камсыз боло элек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×