Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ош облусуӨзгөн району 17.11.2017 11:04

Фото - Өзгөндүк майып ата-эне Мордовияда иштеп жүргөн 2 кызынан айрылды

Turmush -  Мордовиянын Саранск шаарында жол-транспорт кырсыктан каза болгон эже-сиңди — 1994-жылы туулган Мария Акирова менен 1999-жылы туулган Мадина Акирова Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кароол айыл аймагынын Шералы айылынан болушат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга кыздардын сѳѳгүн Кыргызстанга жеткирүү үчүн элден жардам сурагандардын бири билдирди.

Мария Акирова

1

Мадина Акирова

2

Анын айтымында, эже-сиңдинин денелерин кечээ, 16-ноябрда Казакстанга алып келишкен.

«Бүгүн алардын сөөгү учак менен Ошко алынып келинет. Ата-энесине бир эле кызы каза болгондугу кабарланган. Аны уккан апасы Үпөлдүн абалы начарлап, учурда капельница алып жатат. Эми экинчисин укса эмне болот билбейм.

Кыздардын сѳѳгүн Кыргызстанга жеткирүү үчүн элден жардам сурап, кайрылуу жасагам. Кыргыз элим ушунчалык мээримдүү, кайрымдуу калк экенине дагы бир жолу ынандым. Жардамын аяшкан жок», - деди ал.

Эже-сиңди үй-бүлѳдѳ тѳрт бир тууган болушкан.

Бул үй-бүлөнүн коомчулуктан жардам сурап кайрылган тааныштары кыздардын атасы майып арабада отурса, апасы инсульт менен жабыркаганын айтышкан.

Окуя тууралуу:

Мордовиянын Саранск шаарында жол-транспорт кырсыктан Кыргызстандын 2 жараны каза болду. Бул тууралуу республиканын жалпыга маалымдоо каражаттары жол коопсуздук инспекциясына шилтеме берүү менен билдирди.

Маалыматка караганда, 14-ноябрь күнү «Хендай Солярис» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу — Кыргызстандын жараны рулду башкара албай, тирегичти сүзүп токтогон. Ал башынан жаракат алып, бирок ооруканага жатуудан баш тарткан. Унаанын жүргүнчүлөрү — 18 жана 23 жаштагы кыздар ошол жерде көз жумду. Маалыматта белгиленгендей, айдоочу мас абалда болгон эмес.

Учурда аталган фактыны тактоо иштери жүрүп жатат. Социалдык түйүндүн колдонуучулары бул жол кырсык тууралуу жазып, каза болгон кыздардын сөөгүн Кыргызстанга алып келүүгө жардам берүүнү суранышкан болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×