Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ош облусуӨзгөн району 16.11.2017 20:44

Кашка-теректиктер көчөлөрдү 700 миң сомго жарыктандырышты

Turmush -  Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл өкмөтүндөгү Кашка-Терек айылынын көчөлөрүнө түнкүсүн жарык берүүчү жабдуулар орнотулду. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Салижан Сатиев билдирди.

Анын айтымында, бул демилге демөөрчүлөрдүн жардамы менен ишке ашты.

«Кашка-Терек айылынын көчөлөрү биринчи жолу жарыктандырылды. Жалпы 252 электр мамычасына лампалар коюлду. Бул үчүн жергиликтүү демөөрчүлөр тарабынан 700 миң сом чогулган», - деди ал.

Ошондой эле, айылдагы жогорку чыңалуудагы 32 электр мамычасы жаңыртылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×