Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-февраль
Ош

Ак-Кыя айылындагы эски маданият үйү оңдолот (фото)

Turmush -  Өзгөн районунун Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн Ак-Кыя айылындагы маданият үйдүн имараты оңдолуп, Орзонбек Ташбек уулунун ысымы ыйгарылат. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн адиси Токтоназар Темиралиев билдирди.

Анын айтымында, СССР убагында ашар жолу менен курулган маданият үйүнүн чатыры алмаштырылып жатат.

«Ак-Кыя айылында Орзонбек аксакал көп жыл мурун мечит курдурган экен. Кийин мечиттин кыштары маданият үйүнө пайдаланылган. Учурда анын урпактары кароосуз калган маданият үйүн кайрадан оңдоп, чоң атасы Орзонбет аксакалдын ысымын ыйгарганы турат», - деди ал.

Имараттын эскилиги жеткендиктен пайдаланылбай калган. Орзонбет аксакалдын кыбырасы Улан Маматалиевдин айтымында, учурда оңдоо иштери улантылып жатат. Ал быйыл айылында Улуу Ата Мекендик согушта кайтыш болгон жоокерлерге арнап эстелик да тургузган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 831
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×