Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Ош

Фото - Өзгөндүктөрдүн кубанычы: Үйлөрү көчкү алдында калган 126 үй-бүлө турак жайлуу болушту

Turmush -  Өзгөн районунда үйлөрү жер көчкү алдында калган 126 үй-бүлө жаңы үйлүү болушту. Райондун акими Олжобай Осмоналиевдин айтымында, ошондой эле мобилдүү үйлөр дагы алынып келет.

«126 үй толугу менен курулуп бүттү. Учурда кышка толугу менен даярбыз. Мындан сырткары 275 үйдүн цементи куюлуп, курулушу жүрүп жатат. Жалпы 1 миң 200 тонна цемент арзандатылган баада алынып келген. Жер көчкүдөн жабыркагандар жайгаштырылган Ана-Кызыл жана Ынтымак айылдарында таза суу, сугат суу, электр чубалгылары тартылып, жолдор курулган», - деди О.Осмоналиев.

Курбу-Таш айылынан азыркы Ынтымак айылына көчүп келген Раиса Турдубаева жаңы үйүнө алгачкылардан болуп киргендердин бири.

«Үйүбүз жер көчкүнүн алдында калганда ыйладык. Мамлекет жана элдин жардамы менен үйлүү болуп отурабыз. Мамлекеттен 400 миң сом кайтарымсыз акча алдык. Ал каражатка жаңы үй куруп кирдик. Балдарыбыз Куршабдагы мектептерге каттап окуп жатышат. Окуучулар үчүн атайын каттамдар да ачылган», - деди ал.

Ал эми, Азиз Данабаев туугандарынын жардамында үйүн куруп жатат. Ал Россияда эмгектенип жүрүп жаңы курган үйүн жер көчкү басып калган.

«Айылда чоң дүкөнүбүз бар эле. Мен көп жылдан бери Россияда иштеп жүрүп курган үйгө кирели деп жатканда жер көчкү басып калды. Тууган-урук, мамлекет бар экен. Алардын жардамында Ынтымак айылында кайрадан үй куруп жатам», - деди А.Данабаев.

Райондун айылдарындагы жер көчкүлөрдөн жабыркаган үй-бүлөлөр үчүн Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнөн жалпы 82 гектар жер бөлүнгөн. Учурда 275 орундуу мектептин курулушу жүрүп жатат. Ошондой эле, 2018-жылы 2 бала бакча, 2 ФАП куруу пландалган.

Өзгөндөгү жер көчкүнүн кесепеттери:

Өзгөн районундагы Аюу айылында 2017-жылы 29-апрелде саат 06:40 чамасында жүргөн жер көчкү жалпы 7 үйдү жана 24 адамды басып калган. Көчкүнүн алдынан 8 адамдын денеси табылып, 16 адамды издөө иштери 4-майда токтотулду. 

2017-жылдын 30-апрелинде Курбу-Таш айылы менен Маркс айылынын ортосунда жылып баштаган жер көчкү улам жылып отуруп, жалпы 45 турак жайды, ФАП, мечит, 35 электр мамысын, мектепти жана айылдагы көрүстөндү басып калган. Үйү көчкү алдында калган үй-бүлөлөр көчкүгө чейин ӨКМ тарабынан тигилген чатырларга жайгаштырылып, коопсуз аймактан жер тилкелер берилген болчу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1519
×